Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган бел боо күрөшү боюнча Азия чемпиондугу башталды

Бүгүн Бишкекте бел боо күрөшү боюнча Азия чемпиондугу башталды. Аталган иш-чаранын уюштуруучусу "Алыш" федерациясынын президенти, ЖКнын депутаты, маркум Баяман Эркинбаевдин жубайы Чолпон Султанбекова бул иш-чара "Алыштын" 10 жылдыгына карата уюшулуп жатканын белгиледи. Саамалыкты ЖКнын айрым депутаттары, FILAнын Швейцариядагы штабынын өкүлү Гинтаутас Вилейте ачып берди. Баса белгилей кетчү нерсе, Гинтаутас Вилейте Чолпон Султанбекованы FILAнын ордени менен сыйлап жана "Алыш" иш-чарасын уюштурууга салымын кошкондорго да атайын сыйлыктарды тапшырды. Коноктор жана уюштуруучулар бел боо күрөшү боюнча Азия чемпиондугун ачып бергенден кийин көрүүчүлөргө концерт тартууланды. Андан соң старттык мелдеш катары Өзбекстан менен Казакстандын спортчулары бел боо күрөшү боюнча чемпиондукту баштап беришти. Кошумчалай кетсек, мелдешке Иран, Индия, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Пакистан жана Кыргызстандан спортчулар катышууда. Эске салсак, мелдеш эртеӊ жыйынтыкталмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан