«Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл облусунун Тоң районуна жаңы бульдозер тартуулады

2020-жылдын 6-апрелинде Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясына орусиялык өндүрүштөгү жаңы бульдозерди тапшыруу салтанаты болду.

Оор техниканы сатып алуу «Кумтөр Голд Компани» аймактар менен кызматташуу программасынын алкагында ишке ашты.

Бульдозерди сатып алууга компания өз бюджетинен 9 миллион сомдой акча бөлгөн. Бул бульдозер Тоң районундагы жайыттарды калыбына келтирүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн пайдаланылат. Бульдозердин спецификациясы Тоң районунун жол-эксплуатациялык бөлүмү тарабынан тандалып, райондун мамлекеттик администрациясы менен макулдашылган.

Бульдозер «Тоң районун Өнүктүрүү агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасынын балансында болот. Андан ары техниканы толук камсыздоо (күйүүчү май, оңдоо, тетиктер, операторлордун эмгек акысы жана башка) үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Тимур Алымбеков: «Кумтөр» компаниясына ушундай керектүү белекти бергенине абдан ыраазыбыз. Бул райондун жашоочуларына чындап пайдалуу болот. Жайыттарды калыбына келтирүү жергиликтүү фермерлердин жана малчылардын алыскы жайыттарга жетүүсүн камсыздап, көлгө жакын жайгашкан жайыттардын бузулуусун алдын алат», - деп белгиледи.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан