Бишкек шаардык прокуратурасы "Республика" партиясынын мүчөлөрүнө карата кылмыш ишин козгоду

  Бишкек шаардык прокуратура "Республика" партиясынын мүчөлөрүнө карата кылмыш ишин козгоду. Аталган органдан билдиришкендей, интернетке таркап кеткен "карусель" тууралуу видеонун негизинде кылмыш ишин козгоо чечимин чыгарышкан. Ошондой эле интернет желелерине "Республика" партиясынын жаштар канатынын лидери Наргиза Ажибаева адамдарга акча таратып жаткандыгы тууралуу видео чыкты. "Республика" партиясынын штабынан маалымдашкандай, учурда Наргиза Ажибаева кайсы жерде экенин таппай жатышат. Кошумчалай кетсек, кылмыш иши Кылмыш кодексинин 140-беренесинин 2-пункту (бирөө үчүн добуш берүү) жана 141-берененин 1-пункту (добуш берүү документтерин фальсификациялоо) боюнча козголду. Учурда бул ишти Бишкек шаардык ИИБи териштирип жатат.

кошулду
"Республика" - махинация жасашууда!!! 2- бөлүк.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baratali0706
2012-11-28 03:23:17
Биздин Прокурорлор аябай жакшы иштешет! Акчаны ким таркатып жаткандарды кармабай, видеого тартып алган адамды камашат,мына сага правосудия.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан