Бел боо күрөшү боюнча Азия чемпиондугунун 1-күнүндө кыргызстандык 3 балбан жеңишке жетишти

27-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бел боо күрөшү боюнча Азия чемпиондугу башталып, мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандык 3 спортчу алтын медаль тагынды. Биринчи финалдык таймашта 60 килограммдык салмакта кыргызстандык Ырысбек Ажибеков менен Чыңгыз Турдуев бет келишип, жеңишке Ырысбек Ажибеков ээ болду. Баш байге үчүн чыккан 70 килограмм салмактагы кийинки атаандаштар кыргызстандык Эсенбек Кудайбергенов менен түркмөнстандык Бабамурат Режепов болушту. Экөөнүн таймашында мекендешибиз Эсенбек Кудайбергенов жеңүүчү аталды. Ошондой эле 90 килограммдык салмакта Бекмырза Эргашов менен Каныбек Барпыбеков беттешип, алтын медалды Бекмырза Эргашов жеңип алды.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан