Өзгөчө изоляция учурунда баарыбыз D витаминин ичишибиз керекпи? Эксперт жооп берет

Кыргыз Республикасыныны илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, медицина илимдеринин доктору, профессор, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын патологиялык физиология кафедрасынын башчысы Тухватшин Рустам Романович менен маек.

Суроо: Рустам Романович, акыркы учурда D витаминине болгон кызыгуулар артып жатканы байкалууда. Өзгөчө азыркы тапта, карантинде үйдө отуруп, сыртка кээде эле чыгып жаткандыктан "күндүн", тагыраагы, D витамини зарыл экенин айтып калабыз. Мунун себеби эмнеде?

Жооп:

- Ырасында эле D витаминине болгон суроо-талап жогору. Сөз болуп жаткан витамин акыркы жылдары эң көп изилденген. Мисалы, алгачкы изилдөөлөрдө витаминдин кальций-фосфордук зат алмашуусуна токтолсо, учурда анын организмдин, бардык органдардын иштөөсүндөгү ролу изилденүүдө. Алынган далилдерден улам D витамини прогормон деп эсепетелери талашсыз.

Д витамини "күнөстүү" деп аталат, анткени D витамини күн нурунун таасири менен териде синтезделет. Бирок витаминдин алынуучу көлөмү төмөнкү факторлордон көз каранды: теринин күн тийүүчү бөлүгүнөн (аянты), жыл мезгилдеринен, теринин пигментинен жана жаш курагынан. D витамини адамдын организминде маанилүү ролду ойнойт. Ал кальцийди сиңирүүгө жардам берет, иммундук системди жакшыртат, организмди инфекциялардан коргойт, бул карантин учурунда өтө маанилүү. Мындан тышкары нерв системине олуттуу таасир этип, нейропротектордун ролун аткарат, нерв клеткаларынын жана нейрондордун өсүшүнө жана өнүгүшүнө катышат.

Суроо: Биздин органдарыбыздын, органдык системдерибиздин толук кандуу иштөөсү үчүн D витамини маанилүү экени белгилүү болду. Бирок өлкөдө D витамининин жетишсиздиги канчалык кеңири жайылган?

- Тилекке каршы, Кыргыз өлкөсүндө андай изилдөө жасалган эмес. Дүйнөлүк статистикага ылайык, жер жүзүндөгү 10 адамдын 9унда витаминдин жетишсиздиги байкалат. D витамининин жетишсиздигинин себептери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

  1. Сиз күн нурун жетишсиз көлөмдө албайсыз. Жай мезгилинде күндүз дайыма сыртта жүргөнүбүз менен күндөн коргоочу кремдерди колдонобуз. Бул D витамининин теринин синтезин 95-98 пайызга төмөндөтүп, натыйжасыз кылат;
  2. Жумушка же жашоо образына байланыштуу убакыттын көбүн үйдө өткөрөбүз. Айрыкча, азыр баарыбыз обочолонуп, өзүбүздү изоляцияга алып жатабыз;
  3. Сиз баланс сакталбаган диета менен жүрөсүз. Бирок D витаминин жеген тамак-аштан алуу өтө кыйын, аны тамактан алуу үчүн күн сайын бир килограмм май же 30 даана жумуртканын сарысы же 10 килограмм сыр жеш керек экенин белгилеп кетким келет;
  4. Эгер сизде ашыкча салмак болсо анда D витамини көбүрөөк көлөмдө керек;
  5. Анан албетте, жаш курак. Башкача айтканда, бул маселе бардык курактагы топторго тиешелүү. D витамини ар кандай курактагы адамдар тарабынан дайыма кабыл алынышы керек, көлөмү жаш курагына, салмагына, өнөкөт оорулардын болушуна же жоктугуна жараша жекече тандалып алынышы керек.

Суроо: - Рустам Романович, D витамининин жетишсиздигин кантип билсе болот? Кандай белгилери бар?

- Сизде D витамининин жетишсиздиги бар экенине ынануу үчүн кандын анализин тапшыруу керек. Бирок витаминдин жетишсиздигинен кабар берген бир катар симптомдор бар:

Сиз дайыма чарчоо сезимин, күч-кубатыңыздын жоктугун сезесиз;

Маанайыңыздын чөгүшүнө алып келбеген себептерсиз эле көңүлсүз болуп жатканыңызды байкайсыз;

Алагды кылып, көңүлүңүздү топтой албаганыңызга тынчсызданасыз;

Тез-тезден суук тийүү болот;

Чачыңыздын, тырмагыңыздын жана териңиздин начарлашынан кыжаалат болосуз;

Сөөктөрдүн ооруусу, булчуңдарда чарчоо байкалат;

Башыңыздын териси тер чыгарып баштагынын байкасыз.

Эгерде жогоруда айтылгандардын бирөө же бир канчасы сизди тынчсыздандырса, анда D витамининин жетишсиздигинен кабар берип жатканын түшүнүүгө болот.

Суроо: Эске ала турган болсок, D витамини депрессия абалын жоюуга жардам берет, бул азыр өзгөчө абал учурунда актуалдуу. Ал эми витаминдин адам үчүн эң оптималдуу деңгээли кандай?

Жооп: D витамининин адам баласы үчүн сутка ичиндеги орточо нормасы европалык изилдөөчүлөр тарабынан төмөндөгүдөй түзүлгөн.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана балдар үчүн суткасына - 400-1000 МЕ;

1 жаштан 18 жашка чейинкилер үчүн суткасына - 600–1000 МЕ;

Чоңдор үчүн стукасына эң оптималдуу өлчөм - 2000МЕ – 2500МЕ.

Суроо: Рустам Романович, D витамининин кантип туура тандоо керек?

Жооп: Курамында D витамини бар дары каражаттарынын, витаминдердин, биологиялык активдүү кошулмалардын түрлөрү базарларда абдан көп. Мен дайыма клиникалык изилдөөдөн өтүп, далилденген гана каражаттарды сунуштайм. Биологиялык активдүү кошулмаларды сунуштоодон баш тартам, анткени мындай каражаттардын клиникалык изилдөөлөрү жок. Эгерде D витамининин деңгээлин калыбына келтирүү үчүн витаминдик комплекстер жана монопрепараттар жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда албетте, монопрепараттарды кабыл алган жакшы.

Дары-дармек, витаминдерди тандоодогу маанилүү бир нерсени белгилеп кетким келет - мен суу негизиндеги Д витаминин тандамакмын. Себебин түшүндүрүп берейин, анткени D витамининин суу эритмеси даяр формада болуп организмге киргенден тарта тамак сиңирүү жолуна тез сиңип, өзүнүн пайдасын тийгизе баштайт. Витаминдин натыйжасын колдонуунун 5-суткасында байкоого болот. Өзүн-өзү изоляциялоо шартында тез байкала турган таасири бар.

Рустам Романович, маегиңиз үчүн сизге терең ыраазычылык билдиребиз! Сизге ден соолук жана ишиңизге ийгилик каалайбыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан