Депутат Улугбек Ормонов ишкерликке уруксат берүү үчүн тийиштүү маалымкаттарды акысыз берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"1-майдан тарта көп ишкерлерге иштөөгө уруксат берилди. Ош облусунан телефон чалуулар болуп жатат. Алар маалымкат алып келиши керек экен. Бардык маалымкат үчүн акча төлөп жатышат. Азыркы учурда өкмөт маалымкатты бекер эле бериши керек. Ушул боюнча маселени көзөмөлгө алуу керек", - деди Ормонов.