Нарын районунун Жерге-Тал айылынын тургундары митингге чыгышууда. Бул тууралуу "Элдик кабарга" окурман билдирди.
Маалыматка караганда, Жерге-Тал айылына тиешелүү Кумбел жайлоосун өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кочкор районуна 10 жылга чейин берип салгандыгы чуу жаратууда.
"Жерге-Тал айыл аймагындагы эл ошол жайлоо аркылуу жан сактап келишет. Жай мезгилинде мал багып, жайлоону жайыт катары колдонушат. Учурда айыл тургундары жана аксакалдар Кумбел жайлоосуна кеткен жолду тосуп нааразычылык билдиришүүдө. Өкмөт мүчөлөрү бул нааразычылыкка көңүл бурбаса, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылабыз. Айыл жаштары жана чабандар өкмөттөн калыс чечим кылып Кумбел жайлоосун айылга кайрып берүүсүн суранышууда. Эгер Кумбел жайлоосун Кочкор районуна берилип кетсе, Жерге-Тал айылынын тургундары кайда жайлап, мал жанын кайда багаарын билбей жатат", - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.