Бүгүн, 21-майда Биринчи Май райондук сотунун имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болуп өттү. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүнкү соттук отурумда сот отурумунун катышуучулары тарабынан бир нече өтүнүчтөр келтирилди. Андан сырткары сот күбөлөр К.Т.Жуманатаев, А.О.Касымовду суракка алды.
Андан соң жактоочу Н.Зотова айыпталуучу Абдухалим Раимжановдун ден соолугуна байланыштуу соттук отурумду башка күнгө жылдыруу жөнүндө өтүнүч келтирди. Сот аталган өтүнүчтү канааттандырды жана соттук териштирүүнү 22-май саат 10:00гө жылдырды.
Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.