Анаркул Шырдаков: "Жумалиев казынага колун салып, бирөөнүн бизнесине басмачылык жасаган адам эмес"

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Жалал-Абад облусунун Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын мурдагы башчысы, учурда ушул эле райондогу Авлетим айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Анаркул Шырдаков:

- Кубанычбек менден 2 жаш кичүү, мен аны жаш кезинен эле илимди жактаган жаш окумуштуу катары тааныйм. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунан чыккан алгачкы академик. Жумалиев илимий мектептин жетекчиси катары 23 илимдин кандидатын жана 6 илимдин докторун даярдаган. Бул анын жогорку даражадагы илимпоз, устат экенинен кабар берет. Аскар Акаевдин убагында Кубанычбек Жумалиевдин илимий жөндөмүн, дараметин байкап калбаса, бул адам саясатка барбайт болчу деп ойлойм. Ал эми саясаттан өз ордун таап, көптөгөн чоң кызматтарга дайындалып турушу, бул анын саясатчы катары кут жана жеткилең акылы бар, иш билгилиги мол экенинин далили.

2005-жылы болгон төңкөрүшпү же революция дейбизби, кыскасы ошол окуялардан кийин экс-президент Аскар Акаев өлкөдөн качып кеткенде анын үзөңгүлөш адамы катары Кубанычбек Жумалиев да неге качып кеткен жок деген суроо туулат. Буга бир чоң жооп бар, себеби ал казынага колун салып, эл байлыгына тоюп, кызматтан пайдаланып, бирөөнүн бизнесине басмачылык жасаган адам эмес. Анын жүзү эл алдында жарык болгону үчүн өзүнө ишенип, өз мекенинде калган. Акаев качып кеткенден кийин анын айланасында эле агалап жүргөн бир топ саясатчалар дароо тонун алмаштырып, башкалар менен бирге аны жамандап, болгон айыбын айтып жаткандар четтен чыгып жатты. Мени таң калтырганы Жумалиев Акаевдин артынан сүйлөп, атына чаң жугузган жок. Бул анын адамгерчилигин көрсөтүп турат.

Кубанычбек Жумалиевдин кулк-мүнөзүн сүрөттөй турган болсом, ал жашоодо абдан оор басырыктуу, токтоо мүнөз жана жумшак адам. Айрым аткаминерлерге караганда белгилүү саясий ишмер Жумалиевди кандайдыр бир учурларда кызматка салып, бирөөгө үстөмдүк кылбаган, бийликти өз кызыкчылыгына пайдаланбаган адам катары көпчүлүк билип, сыйлап жүрүшөт. Бирөөлөр менен соттошуп, чатакташып, айтышып, чукулашып жүрбөгөн инсан болгондуктан, учурдагы курулай чагымдарга, конкреттүү далили жок асылууларга Жумалиев татыктуу туруштук бере албай жаткан кези. Жумалиевди эң чоң душман деп тааныган бул кыймыл ушундай чабуулду баштаган болсо, анда алар өзүлөрүнүн айтып жаткан тизмесинен тандап алып, бир эле адамга асылуу менен чектелип калбай, анын мыйзам боюнча кол тийгис менчигине кол салбай, бардык айыпталуучуларга бирдей чара көрүшү керек болчу. Ошол эле учурда, мисалы, эмнеге алар Жумалиевдин ишкердигинен мамлекеттик казынага ушул убакытка чейин түшкөн салыгын, 2002-2004-жылдары ал премьер-министр, транспорт жана коммуникациялар министри болуп турган учурда бүткөн Бишкек-Ош жолунун көпчүлүк бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өтүп, салынганын, анын карапайым элге түзгөн миңдеген жумуш орундарын айтып чыгышпайт?

Кубанычбек Жумалиевди бир нече өлкөлөр кыйын окумуштуу, илим дүйнөсүнө зор салымы бар илимпоз, академик, профессор, илимдин доктору катары таанып, баалашат. Ондон ашык өлкөлөрдүн Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү болуп жүргөн адамды өз өлкөсүндө эл душманы кылууга аракет кылып жаткан топтордун бул амалы абдан айып жана төмөн көрүнүш. Өлкө үчүн шайлоо алдында азыр тынчтык жана туруктуулук кымбат болуп турган учур, андыктан мындай чыр-чатак, уруш-талаш, бирөөнүн жеке мүлкүнө кол салууну токтотуу керек.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Asman779
2020-06-04 13:49:33
Чычалаган чын болот дечу эле, бул эмне эле ар кимди жалдап актанып атат. АК болсо тергоодо актансын же сот актасын, сотторду сатып албаса эле.
+22
talaa11
2020-06-04 15:14:32
Жумалиевтин таза экенине мен ишенбейм. Кыргызстанда чиновниктердин почти бут коррупционерлер
+26
alishsapan
2020-06-04 20:20:53
Жаңылап кала жаңылап кайра кайра жаңыла эртең дагы жаңыла бул теманы
+26
Jaka78
2020-06-05 00:33:13
Анан кантип байыды, коррупция бар учун да,кудай жазаласын
+16
tilek121277
2020-06-05 00:42:10
Ушул эле калды эле актабаган
+16
Baatirbek81
2020-06-05 09:21:08
Ичип жеп уурдабаса кайдан пайда болуптур ушунча жүздөгөн фирмалары.
Буга асмандан түшпөйтко!
+11
alishsapan
2020-06-05 09:21:53
Мен айткандай болуп атат кайра кайра жаңылап тургула
+16
nur090909
2020-06-05 13:04:11
Комментарийде жеди дегендер. Козунор менен коргондой айтыпсынар.Эмнеге силердин козунорго чон жегендер корунбойт.Бийлекке келип кеткендер азыркы бийликтегилер. Башкаларга салыштырмалуу Жумалиевдин жегенин билбейт экенмин Аны бир Кудай билет. Бирок анын элге берген канча чон жардамдарын билем.Биздин айылга болгон жолдун асфальтын.Кечээги эле карантинде Элге берген жардамын.Бийлик эмне жардам берди Канча жылдан бери илимде журот. Озунун жеке бизнестери барАзыр ырчылар эле 3этаж тамда жашап жатышат
-16
Arzybekkg
2020-06-05 13:05:22
Эмне ал казынага кол салса сага айтмак беле... Тоже мне адвокат

+11
Leon441
2020-06-05 15:12:14
Мыкты иш билги болсо 120немеге акыл үйрөтүп Кыргызстанды канткенде өнүктүрөбүз чек араны кантип тактайбыз деп масала көтөрүп чыкпайбы эле, өз көмөчүнө тартпай.
+9
PROS
2020-06-05 16:50:42
"Уурусу күч болсо ээси доого жыгылат" деген ушу да.
+7
souza.j
2020-06-05 19:37:04
Союз таркаганда булар ишти кылган. Силер эми ойгонуп алып чылпагынарды суртпой туруп ажылдабагыла
+5
Mister-X
2020-06-06 04:46:20
И.Разаков,А.Масалиев,Н.Исановдор жогорку бийликте коп жыл иштесе да кичинекей жер тамда гана жашаган.Мамлекет берген уйлорду кайра мамлекетке кайтарып берген.Мына ушулар Кыргызстан учун куйгон!Азыркы чиновниктер бийликте бир жыл иштесе миллионер болуп чыга келет.Бизнес ачкан деп жатышат.Бийликте отуруп бизнес ачкан.Акча тушкон жердин баарын тартып алып...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан