Кечээ, 3-июнда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылынын жашоочулары жолду тосуп, ары-бери өткөндөрдү коркутуп жаткандыгы тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
"Мен Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Гур айылынын тургунумун. Өзүм көмүр ташып, Папан айылы аркылуу өтүп турам. Кечээ күнү 50дөй адам топтолуп алып, жолду тосушуп, өтпөйсүңөр деп бычак менен коркутушуп, кийимдерибизди айрып салышты. Буга чейин деле ары-бери өткөнүбүздө бизди бир-эки жолу коркутуп сабашкан. Коркконубуздан эч нерсе дей алган жокпуз. Биз деле Папан айыл округуна карайбыз. Бүгүн айылга кете албай жатам. Кимге кайрылышыбызды деле билбей калдык", - деди окурман.
Азырынча бул билдирүү боюнча экинчи тарап комментарий бере элек, SUPER.KG порталы экинчи тараптын жообун угуп, жарыялоого даяр.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.