Кыргыз PR-дын сырлары

Биз жакында медиа-эксперт, "Билерик" гендердик толеранттуулук коомдук фондунун башчысы, "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын" жакшы ниет элчиси, «Спринг» пиар агенттигинин директору Айжанат Абдыразакова менен маек курдук.

- Акыркы жылдары сизди Elite House компаниясы жана анын негиздөөчүсү Тимур Файзиев менен көп байланыштырышууда. Айтыңызчы, хайп көп эмеспи?

- Хайп - бул кардардын буюртмасына жараша. Твиттер коомчулугу "ЭлитХаус стилинде же Файзиевдин стилинде пиар" деген жаңы терминди киргизгенин көрүп алып күлдүм. Тимур Файзиев жөнүндө сөз кыла турган болсок, аны пиар кылуу оңой болду. Ал өзү өзгөчө, карама-каршылыктуу инсан. "Элит Хаус" пиарчынын кыялы эле, кардардын каражаты бардык идеяларды орундатууга жетер эле. Негизинен мага "Элит Хаус" менен иштешкен бир жыл – 5 жылга тете сезилет. Бул жылы көп эле хайп жараттык: спорт сарайы, эл аралык өлчөмдөгү тренингдер жана башка. Акыры, бизди жылдын мыкты компаниясы деп таанышты.

- Жалпысынан PR деген эмне жана пиарчы деген ким?

- PR түшүнүгүн биринчи жолу АКШнын 3-президенти Томас Жефферсон киргизген. «Relations for the general good» ("көпчүлүктүн жыргалы үчүн байланыш") маанисинде. Кыргызстанда PR'ды кантип түшүнүшөт? Коомдо, PR – бул сен жөнүндө талкуу жаратчу себептерди табуу деген пикирлер бар.

Ал эми «Франкфурт жана Маяне», «Гомосексалю», «Чык эшикке», жылдыздарга байланыштуу ажырашуулар жана башка шумдуктар - булар PR эмес.

- Өлкөбүздө бирөөнүн пиарын жүргүзүү кыйынбы?

- 10 жылдык ишимде ар кандай адамдарды пиар кылышым керек болду (күлөт). Арасында мен аты-жөнүн айта албаган саясатчылар да бар. Бирок алар жөнүндө окуяларды эстей алам. Учурда иштеп жаткан бир депутат мага чалып, мындай дейт (бул региондор менен иш алып баруу учурунда болгон):

Депутат: - Айжанат, менин аймакка кандай жардам бергеним жөнүндө жазыш керек.

Мен: - Ок, маселеси жок, бирок эмне кылдыңыз?

Депутат: - Мен дагы бир эл өкүлү менен бир ай ичип, Кытайда эс алып жүрдүм, бир нерсе жазып кой.

Бул мен пиар кылуудан биринчи жолу баш тарткан учурум.

- Азыр кайсы багытта иштеп жатасыз? Өз агенттигиңизди ачуу кыйынбы? Социалдык бизнес деген эмне?

- Социалдык бизнес деген – элге пайда алып келүүчү иш-аракет. Менин ишкердик жөндөмүм кичине кезимден эле, айылдан туугандардан келген курутту спекулянттык баада сатканымдан башталган. Кийинчерээк, 9-класста кошуна балдарга англис тилин үйрөтө баштадым. 19 жашымда КТРКга кастингден өтүп, корреспондент жана теле алып баруучу болуп калдым жана ошентип кете берди.

PR болсо – мага жаккан анан колуман келген иш. Кризис - тобокелчилик гана эмес, мүмкүнчүлүк дагы. Ошентип, биз SPRING деп аталабыз, мааниси - жаз, 21-кылымдын эң көрүнүктүү депрессивдүү окуясы катары тарыхта калчу жаз. Ошондой эле ал сөзсүз атыла турган серпилгини билдирет! Бул биздин ураан.

- Үй-бүлөлүк милдеттерди аткаруу, балдарды тарбиялоо жана бизнести алып баруу жөнүндө өзүңүздүн мисалыңызда айтып бериңиз?

- Кыргыз үй-бүлөлөрдө эмгекти бөлүштүрүү болжолдуу мындай - баары толугу менен аялдардын моюнунда (тамаша). Мен кызымды эркин, гендердик жана башка стереотиптерсиз тарбиялайм. Ал 5 жашында өз пикирин татаал сүйлөм менен айта алган, ыңгайсыз суроолорду берген балдардын бири. Мен бир кезде үй-бүлөлүк зомбулукка чыдагым келген жок жана буга жол бербегенге аракет кылам. Ошентип, биз пацифист, либерал жана мусулманбыз. Мен гендердик толеранттуулук коомдук фондун түзгөм. Фонд "Билим" жана "Эрк" деген эки сөздүн курамынан турат. Кыргыздарда "билгин жигит" деген сөз айкашы бар - тапкыч, акылдуу жигит. Бирок билгин айым деген сөз айкашы жок; менимче, бул катачылык.

Биздин ураан - "Билгин айым - эрктүү айым". Билерик - бул биздин маданиятыбыздагы кыргыз аялынын эч качан колу байланбагандыгынын, басмырланбагандыгынын белгиси. Бул феминизм эмес, менин көз караштарым жылаңач көкүрөк жана нудисттик экспозицияларга каршы. Менин оюмча, бул батышка жакын тенденция, мен жалпысынан араб болобу же башка болобу, таасирлерге каршымын. Мен кыргыз маданиятынын аутенттүүлүгүн сактоого умтулам. Кыргыз аялынын маданий көрүнүшү - акылман, эрктүү, сулуу.

- Пиарчылар көп акча табышат деген чынбы?

- Жакшы пиарчылыр жакшы акча табышат.

- Сизди кыжырданткан суроолор?

- Кыргыз болуп эмнеге кыргызча сүйлөбөйсүң? Эмне жоолук салынып алдың? Каяктык болосуң? Кээде бизде адептүүлүк көйгөйлөрү бар. Кээ бир суроолор менин кыжырымды кайнатат. Мен кыргызчаны кошпогондо, 4 тилде эркин сүйлөйм. Казакстанда төрөлгөм, менде 3 улуттун гени бар жана эмне кийеримди өзүм чечсем деген эле ой. Баса, биз "YntY" ата мекендик бренди менен Кыргызстандын медиа мейкиндигин дүңгүрөтө турган сонун долбоор даярдап жатабыз. Бул бренддин кийимдерин кийем, анткени кийим дагы башкаларга менден болгон месседж деп билем.

- Сиз Америкада, Кытайда, Түркияда жашап, иштеп, бирок Кыргызстанга кайтып келдиңиз. Эмнеге?

- Биринчиден, бул өлкөлөрдүн ар бири өзүнүн өзгөчөлүгүнө ээ. Америкада жашоо ыңгайлуу, бирок чектелген тандоо аябай байкалат. Кытай - тандоо жок өлкө, бирок айрыкча, мен бир аз убакыт өткөргөн СУАРда көрүнүш кызыктай. Синь-Цзянь университетинин 17 жаштагы этникалык кыргыз стипендианты менен маектешкем, астымда өспүрүм эмес партия өкүлү тургандай сезилди. Түркия - бардык цивилизациялардын кесилишинде жайгашкан, өз империясы менен сыймыктанган, маданияты жандуу, кызыктуу эли бар өлкө. Мен алардын көптөгөн баалуулуктарын бөлүшөм, ошондуктан, түрк экспансиясы ийгиликтүү болду, тамаша. Жалпысынан алганда, ар кандай улуу державалардын прототиби боюнча билим алуу сонун, сиз сүрөттү толугу менен көрүүгө үйрөнөсүз.

- Аялдар үчүн кеңештер?

- Көбүрөөк табуу! Татаалдашуу! (кызыктуу, акылдуу, тереңирээк бол, жаркырап жүр, татаалдан!) Ирина Хакамада айткандай (айтмакчы, биз анын конференциясын Бишкекте уюштурууну пландап жатабыз). - Жашооңуздагы ураан дүйнөдө жакшы нерсе көбүрөөк! Бардыгы Аллахтын каалоосу менен.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ma2as
2020-06-11 19:36:32
Ал эми «Франкфурт жана Маяне», «Гомосексалю», «Чык эшикке»,- булар PR эмес. :)))) , жардынызго эже .
+4
Nourlan
2020-06-11 20:17:42
Кыргыз тилинде билгин, билип кой -орусча мааниси знай болуп которулат. Билгич-орусча мааниси знаток, тапкыч деген бар. Билгин жигит эмес-билгич жигит. Кыргыз тилинде билгич айым -деген сөз айкашы дагы бар.
+4
balzak
2020-08-25 17:21:45
Nourlan,туура
0
taalay25
2020-06-12 13:51:59
Кыргыз болуп кыргызча суйлобойсунбу?-деген суроо кыжырына тие турган болсо жетишкен экенсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан