Сүрөтчү, айкелчи Тамила Маматова: "Айтматовдун айкели себеп болуп чоң адамдар менен сүйлөшүп калдым"

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Кыргыз эли таланттарга бай. Ошондуктан эл ичи өнөр кенчи деп айтылып калса керек. Жараткан берген талант менен тынымсыз аракеттин артында элдин сүймөнчүлүгүнө арзыган таланттуу жаштарыбыздын саны арбын. Каарманыбыз Тамила Маматова дагы сүрөтчүлүк, айкелчилик өнөрдү аркалап, жасаган эмгектери менен эл оозуна алынган кыргыздын сыймыктуу жаштарынын катарын толуктап келет. Көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган эмгектерди жаратып жаткан сүрөтчү, айкелчи Тамила Маматова менен SUPER.KG порталы маек курду.

- Саламатсызбы, алгач эле сиз тууралуу кенен маалыматтарга орун берсек. Кичи мекениңиз, ата-энеңиз, өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

- Саламатчылык, мен Ала-Бука районунун Келте айылында төрөлүп, ошол жерде балалыгым жана окуучулук күндөрүм өттү. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын үчүнчүсүмүн. Атам Абдинаби Маматов дарыгер болгон. Кайтыш болгонуна көп убакыт болду. Апам Тургунбү Ормонова медайым. Азыркы учурда ардактуу эс алууда. Апакем төрт баласын өзү багып, билим берди. Апама ыраазычылыгымды билдирем!


- Кайсы окуу жайда билим алдыңыз?

- Алгач Тургунбай Садыков атындагы Көркөм сүрөт академиясында 5 жыл окудум. Андан соң Санкт-Петербургда Илья Репин атындагы Мамлекеттик көркөм өнөр, айкел жана архитектура академиялык институтунда 6 жыл билим алдым.

- Айкелчи болууну балалыкта кыялданган чыгарсыз... Бул кесипти аркалап калганыңызга ким же эмнелер түрткү болду?

- Скульпторлук (айкелчилик) - Жараткан берген талант деп билем. Андан тышкары мектепте окуп жүргөндө эле сүрөт тартканга кызыкчумун. Китептерди окуп, фильмдерди көрчүмүн. Ошол кызыгуунун артында айкелчи болууну чечтим.

- Сиздин колуңуздан жаралган кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айкели суктанууга да, мактоого дагы арзый турган эмгек болгон. Идея кантип, качан жаралган?

- Кичинекей кезимен эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жакшы көрүп көп окучумун. Өзү портрети дагы абдан кызыктуу. Аны натурадан жасагым келчү. Анан Бишкекте окуп жүргөндө залкар жазуучубуз каза болуп калды. Бул инсанга эстелик жасасам деп кыялданып жүрчүмүн. Кийин Санкт-Петербургда окуп жүргөндө дагы чыгармаларын, китептерин интернеттен окуп турдум.

Окууну аяктап жатып дипломдук иштин темасын тандоо керек болчу. Ошондо агайларга дал ушул айкелдин эскизин көрсөтсөм, аларга жаккан. Макул, Айтматов боюнча иштей бер дешти. Ошентип бир жыл бою Айтматовду изилдедим, архивдерин карап, туугандарына байланыштым. Ортодо Болот Шамшиев менен таанышып калып, ал дагы аябай кызыгып, сен жасаган айкелди Бишкекке койдурам деп жүрүп, кийин Берлинге коём деп, демөөрчүлөрдү тапканда көзү өтүп кетти. Айтматов аркылуу чоң адамдар менен сүйлөшүп калдым.


- Учурда
Чыңгыз Айтматовдун айкели кайда турат жана кайсы жерге коюлса деген оюңуз бар?

- Айкелдин калпын Санкт-Петербургдан алып келгем. Учурда иш бөлмөмдө турат. Шаардагы сейил бактарга коюлса жакшы болмок.

- Алгачкы эмгегиңиз тууралуу баяндап берсеңиз.

- Алгачкы эмгегим 7-класста жаралган. Анда ылайдан элечекчен аялдын портрети болгон.

- Эмгектериңиз менен чет өлкөдөгү сынактарга катыштыңызбы?

- Көпчүлүк учурда симпозиумдарга катышып турам. Италияда, Түркияда 2 жолу симпозиумда болдум. Крымда, Казакстанда, Москвадагы симпозиумдарга катышып келдим. Буюрса, жакында жол ачылса дагы симпозиумдар башталат.


- Чыгармачылык жаатта устат, шакирт түшүнүгү эриш-аркак жүрөт эмеспи. Сиздин устаттарыңыз тууралуу кеп курсаңыз.

- Менин биринчи устатым Ыманалы Наркулов (ыраматылык) коңшу айылда жашачу. Ал учурда мектепте окучумун, өз алдымча эмгектенчүмүн. Андан кийин Ош мамлекеттик университетинде ыраматылык Токтобай Жумагулов устатым болду. Шаарга келишиме дагы ушул инсандын кеп-кеңиши түрткү болгон. Кийин Шестопал Виктор Арнольдович менен таанышып калдым. Азыркы учурга чейин агайга барып, маектешип, иштеримди көрсөтүп келем. Агай кемчиликтерди, артыкчылыктарды айтып турат. Кыргыз өлкөсүнө келгенден кийин Айтматовдун айкелин көрсөткөнүмдө бул айкел сөзсүз бир жерге орношу керек деп демилге көтөрүп чыккан.

- Көркөм сүрөт өнөрү жаатында эмгегин баалаган, суктанган инсандарыңыз жөнүндө баяндап берсеңиз.

- Алгач эле Тургунбай Садыковдун эмгектеринен таасирленсем, кийинчерээк дүйнөлүк сүрөт өнөрүнө эбегейсиз салым кошкон Микаленджело, Леонардо да Винчи, Вера Мухина, Марк Антоковскийдин эмгектеринен таасирлендим.

- Сиздин дагы бир мыкты эмгектериңиздин катарын толуктаган Манастын айкели тууралуу айтсаңыз. Бул эмгек качан жаралган?

- Ал айкел 2016-жылы жасалган, бийиктиги 3 метр. "Ысык-Көлдүн сыйкырдуу кумдары" аталышындагы кумдан жасалган скульптуралардын фестивалы болгон, ошондо коюлган. Бул эмгек жасалгандан кийин мага чет өлкөдөгү иш-чараларга чакыруулар келе баштаган. Көпчүлүк бул эмгек мыкты болгондугун айтышып, дал өзүндөй жасалыптыр деген мактоо сөздөргө татыган. Мага ийгилик алып келген эмгек болгон десем жаңылышпайм.

- Учурда кандай эмгектердин үстүндө иштеп жатасыз?

- Жакында гана Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрына Болот Миңжылкиевдин бюстун жасап бердим. Азыркы учурда идеяларымды үстүндө иштеп жатам.

- Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
0001KG
2020-06-23 01:15:08
Манас менен Чыңгыз опщум зыңк болуптурго.
+9
Belek1710
2020-06-23 02:17:55
Молодец, өркүнүң өссүн!
+7
Mister-X
2020-06-23 02:29:06
Бишкектеги Манастын эстелигин өзүбүздүн эле скульпторлор жасаса болмок.Ото чон суммага жасаткан,бирок окшошпой калган.
+3
taalay25
2020-06-23 07:17:33
Айтматовдун арты менен эки адам президент болду. Бири Аскар Акаев туздон туз ишараты менен болсо экинчиси Атамбаев анын жардамчысы болуп журуп эбегейсиз байлыка ээ болуп саясатка келди. Доолотту туура пайдалансаныз сизге дагы келечек жашыл чырагын жандырды
+4
Krai
2020-06-23 09:02:25
Азаматсын Айтматовду өзүндөй кылып жасапсын. Өкүнүчтүүсү ошолор эмгегиң бааланбай кабинетинде тургандыгы
+4
bond02
2020-06-23 09:56:50
Ысык колдогу Манас аябай семирген маалы экен ээ.
+1
bbek
2020-06-23 13:51:51
Менин айылдашым азаматсын Тамила онорун оркундой берсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан