Батукаевдин иши боюнча мурдагы башкы прокурор 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди

Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук процесс аягына чыгып жатат. Анда мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева бул иште күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Ошону менен катар эле мамлекеттик чининен жана наамынан ажыратылды. Жолдубаева үй камагына алынды.

Мурдагы башкы прокурор бул чечим менен макул эместигин айтты. Ал шаардык сотко кайрыларын билдирди.

Буга чейинки соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Индира Жолдубаеваны 15 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну суранган.

Жалпысынан кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам айыпталуучу катары каралган. 2019-жылдын август айына карата алардын 14ү үй камагына алынып, 4өө камакта кармалып, 1өө издөөгө жарыяланган эле.

Окуянын чоо-жайы:

Мындан 7 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

2019-жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.

Батукаевдин иши: Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nurbek56
2020-06-23 15:57:39
Чатак болуптур не кылышат арзыбаган акчага алданышып мына эми бут баарынан ажыраптыр
+2
Krai
2020-06-23 16:09:26
20 млн салбаптыр да
+3
Sakura715
2020-06-23 16:23:17
Буга чейинки эмгеги бир кундо эле жок болуп кетет дегени эмнеси,бул слишком го .Жолдубаева ОЗУ жалгыз качыргансып
0
nazarmat92
2020-06-23 16:33:31
Бул азыркы бийликтин кучу,оюну. Бул бийлик кетип башка бийлик келгенде жаны жагдайлар пайда болуп,иш кайра каралып кобу акталып ордуна башка адамдар камалат. Бул саясий оюн,мындай болуп келген жана боло берет.
+1
stal.ks
2020-06-24 00:14:05
бул корунуштор кийинкилерге сабак болуш керек, таза иштесе ошондо онугобуз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан