Шайлоо-2020: "Чоң казат", "Бир бол", "Республика". Дагы 10 партия шайлоого катышуу тууралуу ниетин билдирди

2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө дагы 10 партиядан кабарлама келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Ага ылайык, "Чоң казат", Кыргызстан коммунисттер партиясы, "Единство народа", Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы, "Актив", Кыргызстандын жумушчулар партиясы, "Республика", Кыргызстандын агрардык партиясы, "Бир бол", "Демократ" саясий партиялары шайлоого катышуу тууралуу кабарлама жөнөтүшкөн.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин 6 партия билдиргени маалымдалган.

Маалым болгондой, Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, тагыраагы 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
bond02
2020-07-06 20:43:46
Эл эмне болуп жатат булар эмне болуп жатышат, касапчыга мал кайгы кара эчкиге жан кайгы.
+6
rola
2020-07-06 21:12:35
Озунорду ойлоп журо бергиле жеп жутарлар!Элге бир тыйын пайданар тийбейт!Только тонойсунар.Киминер жардам корсоттунор,элдер ачкадан кыйналып олтурганда.
+6
Firdaus-Muslim
2020-07-06 21:17:36
Кыскасы: азыркы 120сынан башкасын шайлаш керек.
+8
arawan
2020-07-06 21:22:12
Башка 120нын деле кереги жок соз жок буларга
+5
Mina24
2020-07-06 21:35:20
Булар элдин камын ойлобой шайлоо дей баштадыбы эл минтип ооруп кыйналып атса буларды карасан ушул кылганыр уят бетинер бетондонда каттууго атса да аздык кылат эч киминер иштеген ишинер корунгон жок же президент реформа кылбайт иштеген ишинер натыйжа бербегенден кийин кеткиле да Кыргыз элим ушул шайлоодо жакшы шайлабасак анда озубуздон королу
+4
Dushabolna
2020-07-06 21:57:47
Президенттик шайлоодо мен Улукбек Кочкоровду шайлагам. Акча пакча албай эч кимден. Бул киши эмнегедир жонокой Жана чын эле АК иштей тургандай сезилген болчу мага. Бирок отпой калды. Азыр мен Чон казатты шайлабайм ишеничке кирбеди алар. Балким мен шайлай турган париянын ОЗУ жокдур.
+5
Aituwas
2020-07-06 22:04:24
Балекет болсо да чон казатты шайлап королу...
0
Paprikafm
2020-07-06 22:08:09
Чон казаттын аты эле башкачаго, акчаны катканга чоон чоон казгыла
+2
rola
2020-07-06 22:48:19
Paprikafm,Чон казат чоон жейтта
+3
Aimani
2020-07-06 22:49:59
Баарыбыз каршы добуш берели. Эч ким отпосун. Телефонго тартып алалы. Жыйынтыгын жасап өтүп алышпасын. Анан көрөбүз.
+6
meku89
2020-07-06 23:28:08
Булардын кереги жок экени мына дагы бир жолу тастыкталды. Элдин башына кыйынчылык тушкондо бироо бир жардам берген жок. Байкуш карапайым эл бири бирине жардам берип колдо барын аябай колдоо корсотуп жатат. Баарына каршы деген добуш бериш керек. Башкача система тузулсо болмок.
+4
Anikin83
2020-07-07 00:50:59
Азыркы 120 депутаттын 110нун келерки шайлоого барганга моралдык да укугу жок,мени дагы шайлап кой дегенден уялышсын,Эл да ойлонуш керек ким кандай экенин тушунуп
+2
Azamat6
2020-07-07 07:58:18
Эч бирисин шайлабагыла чон каза казат бир да партиянын кереги жок булардын максаты бийлике келип чонтогун толтуру бизге 120 арам жеп ч...дын кереги жок бюджете зыйаны Гана тиет булардын булар оздору Гана емес жардамчылары да бар референдум кылып кескин турдо азайту керек депутататтардын санын примерно 30 депутат 10 министр губернатор лор жетет системаны озгоруп катуу реформа кылуу керек
+2
Farra16gsin
2020-07-07 08:13:22
Мен лично үй бүлөөм менен (жалпы 10 адам) шайлоого барбайм!
+3
-adam
2020-07-07 08:56:50
Карапайым элди 1000 сомго алдап.Шайлоого болгон акчаларын чачып . Президент болгондон тартып шайлоого кетирген акчаны топтоп ,озлорунун капчыгын кампайтышы гана керек.Элди болбогон эле нерсеге алаксытып коюп.Каяктагы ырчы-чоорчу,чымындан пилди жасашып.
+2
senchi
2020-07-07 12:14:34
Сооронбай ака 120ны кыскартып 20 эле депутат албайсызбы элге чын дилинен иштеген. 120 адамга берген айлыкты жаш балалуу уй булоолорго берсениз жакшы. Эмне 120 кой алган айлыгын актап жатабы эмне кылышты? Эмнеге ал жерде журушот? Деген суроону озунузго берип корунчу же сизге керекпи ошол 120 кой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан