Бүгүн, 7-июлга карата 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети бар партиялардын саны 21ге жетти. Маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Алар төмөндөгүлөр:
1. "Ата-Мекен"
2. "Мекенчил"
3. "Бирик"
4. "ОРДО"
5. "Мекен Ынтымагы"
6. "Бийлик элге" (Власть народу)
7. "Чоң Казат"
8. Кыргызстан коммунисттер партиясы
9. "Единство народа"
10. Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы
11. "Актив"
12. Кыргызстандын жумушчулар партиясы
13. "Республика"
14. Кыргызстандын агрардык партиясы
15. "Бир Бол"
16. "Демократ"
17. "Улуу журт"
18. "Кыргызстандын жашылдар партиясы"
19. "Эмгек"
20. "Социал-демократтар"
21. "Бүтүн Кыргызстан".
Маалым болгондой, Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, тагыраагы 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.