Шайлоо 2020: "Кайрымдуулук жасоого, добушту сатып алууга, кызматтарды акысыз сунуштоого болбойт". БШК шайлоого аттанып жаткан партияларга кайрылуу жасады

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, саясий партиянын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун жыйынтыктары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз. Бул тууралуу маалыматты комиссия мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

Журабаева бүгүн, 8-июлда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга ниеттенген саясий партияларына кайрылуу жасаганын айтат.

Ага ылайык:

  • Шайлоо жарыяланган учурдан тартып шайлоочулардын добушун сатып алууга тыюу салынат. Алсак, накталай акча каражаттарын төлөөгө, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды белекке берүүгө, товарларды артыкчылыктуу сатууну жүзөгө ашырууга болбойт;
  • Талапкерлердин тизмесин сунуштаган саясий партиянын символдору камтылган басылма үгүт материалдарынан, төш белгилеринен, футболкаларынан, баш кийимдеринен, моюн орогучтарынан, талапкердин сүрөтүн көрсөткөн басма сөз материалдарынан башка бардык товарларды акысыз таркатууга, кызматтарды акысыз же жеңилдетилген шарттарда сунуштоого;
  • Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, саясий партиянын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун жыйынтыктары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз. Конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, кайрымдуулук иш-аракеттери, акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүү, анын ичинде ыктыярдуу иш-аракеттер, конституциялык мыйзамда белгиленген шайлоо өнөктүгүнүн талаптарын бузушу мүмкүн;
  • Ага байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууга ниеттенген саясий партияларга жогоруда аталган конституциялык мыйзамда белгиленген ченемдерди бузган, мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келүүчү аракеттерден алыс болууну сунуштайт;
  • Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жардам берүүгө ниеттенген саясий партияларга, республикалык штаб же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлгөн штаб аркылуу жардам көрсөтүүгө көңүлүн бурат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kyrgyz_bloger
2020-07-08 23:25:37
Мнеге кайрымдуулук жасоого болбойт,шайлоого корото турган акчасын медицинага берсин.
+2
jaskaaa
2020-07-09 00:09:25
Ушул состав эле иштей берсин. Кайра шайланганы деле,ушул эле корунуш. Шайлоо деп акча чачпай.Андан коро жумуш орундары манилуу
+3
Kylychisa
2020-07-09 00:17:48
Тооба кылдым бир конул жылыта турган жанылык жок аа коптон бери
+3
Shorobashat
2020-07-09 01:20:44
Кап ушу депутаттар
+3
shankol88
2020-07-09 06:46:13
Кайрымдуулукка уруксат беришкерек еле элге пайда болот еле...
+2
Ergeshev.77
2020-07-09 10:51:06
Ассолому алейкум боордоштор коросунор го акча самандай сапырылат эмне ушул шайлоого чейин айтылбай журду беле мындай создор
+1
rola
2020-07-09 12:47:57
Ergeshev.77,Сапырылган акчасын ала бергиле.Жегендерин куссун.Бирок шайлабагыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан