2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин 42 саясий партия билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Ага ылайык, 8-июлда төмөндөгү партиялардан кабарлама келген:
1. "Адам - демократ"
2. "Реформа"
3. "Тартип-порядок",
4. "Жаратман Эл"
5. "Замандаш"
6. "Кыргызстандын патриоттору"
7. "Народный контроль",
8. "Бүткүл жаштар саясий партиясы"
9. "Кут"
10. "Нур" Либералдык-демократиялык партиясы
11. "Өнүгүү Кыргызстан".
Маалым болгондой, бүгүн, 8-июлда партиялардан кабарлама кабыл алуу токтотулду. Дагы кайсы саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу ниетин билдиргенин, шилтеме аркылуу өтүп окусаңыз болот.