2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга партиялардын тизмеси аныкталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти
Ага ылайык, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 44 саясий партиядан кабарлама келип түшкөн:
1. «Ата-Мекен»
2. «Мекенчил»
3. «Бирик»
4. «Мекен Ынтымагы»
5. «ОРДО»
6. «Бийлик элге» (Власть народу)
7. «Чоң Казат»
8. «Кыргызстан коммунисттер партиясы»
9. «Единство народа»
10. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»
11. «Актив»
12. «Кыргызстандын жумушчулар партиясы»
13. «Республика»
14. «Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы»
15. «Бир Бол»
16. «Демократ»
17. «Улуу журт»
18. «Кыргызстандын жашылдар партиясы»
19. «Эмгек»
20. «Социал-демократтар»
21. «Бүтүн Кыргызстан»
22. “Чистое общество” (“Таза Коом”)
23. “Ар-Намыс” (партия достоинства)
24. “Кыргызстан”
25. “Ыйман Нуру”
26. “Ак Калпак”
27. “Мекеним Кыргызстан”
28. “Адам-Демократ”
29. “Жаратман Эл”
30. “Биримдик” (Единство)
31. “Реформа”
32. Народно-Демократическая партия Кыргызстана
33. “Глас народа”
34. “Улуу Кыргызстан”
35. Кыргызстандын Социал-Демократиялык партиясы
36. “Тартип-Порядок”
37. “Замандаш”
38. “Кыргызстандын патриоттору”
39. “Народный контроль”
40. “Бүткүл жаштар саясий партиясы”
41. “КУТ”
42. “НУР” либералдык-демократиялык партиясы
43. “Өнүгүү Кыргызстан”
44. “Билим Илим Ордосу”.
Маалым болгондой, 8-июлда партиялардан кабарлама кабыл алуу токтотулган. Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, тагыраагы 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.