Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан тышкары 42 шайлоо участоктору түзүлдү. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирди.
Мындан тышкары чет өлкөлөрдө шайлоо комиссияларынын курамын түзүү башталганы маалымдалат.
Ага ылайык, учурда ушул шайлоо участокторунун курамы жана резервдери түзүлүп жатат. Шайлоо комиссияларынын курамдары чет өлкөлөрдө жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү каралган.
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун резервдерине талапкерлерди тандоодо жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо кампанияларына, коомдук турмушка катышкан тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл.
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйналышынан талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндөгү протоколдор, жыйындын төрагасынын жана катчысынын кол коюлары менен тастыкталат. Протоколго жыйындын катышуучуларынын тизмеси, алардын жашаган дареги жана кол коюлган тизмеси да тиркелиши керек.
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди сунуш кылуу саясий партиялардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Бишкек территориялык шайлоо комиссиясына саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу коюлуп, мөөрү басылган тиешелүү документ көрсөтүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөндөргө:
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйындарынан, саясий партиялардан талапкерлерди тандоолор жөнүндөгү протоколдор Бишкек территориялык шайлоо комиссиясында 2020-жылдын 24-июль саат 18:00гө чейин, анын ичинде электрондук түрдө да кабыл алынат.