Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо участкаларынын чек араларын жана схемаларын тактады. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына актуалдуу өзгөртүүлөр киргизилгени айтылат.
Өлкөнүн конституциялык мыйзамына ылайык, алдын ала түзүлгөн шайлоочулардын тизмеси www.tizme.gov.kg порталында добуш берүүгө 80 календарлык күн калганда жана шайлоо участокторунда добуш берүүгө 70 календарлык күн калганда жайгаша турган болду.
Ушуга байланыштуу БШК Мамлекеттик каттоо кызматынын жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттиги менен даректүү каттоодогу мамлекеттик маалымат системиндеги маалыматтарды актуалдаштыруу боюнча биргелешкен иш жүргүзүлө баштады.
БШК менен мамлекеттик органдардын биргелешкен аракети 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү алкагында, бардык жарандарды камтып жана алардын шайлоочу укуктарынын ишке ашырылышына максималдуу шарттарды түзүп жатат.
Өткөн мезгил аралыгында даректүү каттоодо кыймылсыз мүлктөрдү каттоодогу болуп өткөн бардык өзгөрүүлөр эске алынды. Бул шайлоочулардын тизмесинин сапатын жакшыртууга өбөлгө болот.