"Элдик кабар" рубрикасына "кызым өзү чогулткан акчасын муктаж болгон адамдарга берүүнү каалап жатат" деген эне кайрылды.
"Салам Супер-Инфо! Азыркы учурда бири-бирибизге жакшылык кылып, ынтымакта болсок бул сыноону жеңебиз. Кызым бул ирет чогулткан акчасын силерге берүүнү чечти. Аз да болсо көптөй көрүп алып коюңуздар.
Кызым 3 күн 350 сомдон алып иштеп, 1050 сом чогултту. Кудайга шүгүр, алты саны аман деп каршы болбодум. Акчасын муктаж адамдарга берем деп кубанычы койнуна батпай, сүйүнүп алган. Муктаж болгон үй-бүлөгө азык-түлүк алып бериңиздер же болбосо дары-дармек алыңыздар. Кызыма окшогон биздин келечек муундарыбыз көп болсун. Биримдикте бул кырдаалдан чыгууну насип кылсын жана ынтымакта бололу.
Буга чейин да өзү чогулткан 1355 сомун Гүлназ Чыныбек кызына берген болчу. Бул акчаны достору менен талаага чыгып иштеп чогулткан. Кызым "1 сом болсо да жардам кылгыла, көп түкүрсө көл болот. Биз элдерге жакшылык кылсак, Кудай бизге жакшылык кылат" деп менин жүрөгүмдү элжиретти. Ар бирибиз аз-аздан чогулта берсек, бул сыноону бат эле жеңип кетебиз деп ойлойм. Азыр бизде кыйын учур болуп турат. Жаратканым баарыбызга сабыр берсин", - деп жазылат окурмандын билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.