13 жаштагы кызды зордуктоого шектүү жаран бошотулуп, жабырлануучу тарап компенсация төлөөгө милдеттендирилди. Судья Айбек Эрнис уулунун мындай чечимине жабырлануучу тарап нааразы. Алардын айтымында, шектүүнүн акталышына анын таасирдүү туугандары тиешелүү болушу мүмкүн. Бул тууралуу кененирээк "Супер Медиа" пресс-борборунда 23-июль күнү саат 12:00дө онлайн-конференцияда айтылат.
Катышуучулар:
Арман Кыйгырова, жактоочу;
Жабырлануучу.
“SUPER MEDIA” маалымат борбору пандемияга байланыштуу онлайн режимде маалымат жыйындарды өткөрөт. Пресс-борбордун иш-аракеттери бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өткөрүлөт. Буга ылайык журналисттер маалымат-жыйындарга катыша алышпайт. Түз эфирдин видеолору талаптарга жараша ЖМКларга берилет. Маалымат жыйындагы бардык маалыматтар анонс, жаңылык, түз эфир, видео түрүндө SUPER.KG порталына жүктөлөт.