Мурдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу быйыл шайлоочулардын саны 667 миң адамга көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова "Шайлоолордун ачыктыгы жана аныктыгы – ишенимдин жана стабилдүүлүктүн кепилдиги" коомдук диалогунда билдирди.
"Жарандардын шартына карап шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоо мөөнөтү 20 күнгө көбөйдү. Республикадан тышкары же чет өлкөлөрдө жашаган шайлоочулар үчүн шайлоо участокторунун саны 44кө чейин көбөйдү. Консулдук каттоого коюуда шайлоо укугунун артыкчылыктуу экендиги киргизилди", - дейт Шайлдабекова.