Баткен облусунда 300 миңге чукул шайлоочу бар

Баткен облусунун аймагында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүүнү уюштуруу максатында ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановдун буйругу чыгып, даярдык иштери жүрүүдө. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкүлдүн буйругуна ылайык түзүлгөн облустук штаб, жер жерлерде уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүнүн үстүндө иш алып барууда. Жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, пандемияга байланыштуу жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардан келген кайрылууларды өз убагында кароо, шайлоо участкаларында тынымсыз дезинфекциялоо жумуштарын жүргүзүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Учурда облуста 289 миң 518 шайлоочу, 215 шайлоо участкалары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан