Саясый партиялардын жана талапкерлердин программалары, парламентке талапкерлигин койгон бардык жарандар жөнүндө маалыматтар talapker.kg порталына жайгаштырылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
"Талапкерлдердин аты-жөнү, кыскача өмүр баяны тууралуу жазылган тизмелери, ошондой эле Жогорку Кеңешке кайсы партиядан бара турганы жөнүндө маалыматтар 24-августтан кийин жарыяланып баштайт. Саясый партиялар БШКга бардык документтерди, анын ичинде курултайларда бекитилген талапкерлердин тизмесин, ошондой эле 5 миллион сом өлчөмүндө шайлоо депозитин төлөгөндүгү жөнүндө банктан аныктама бериши керек", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле БШК үгүт иштери 4-сентябрда башталып, 3-октябрда аяктаарын эскертет. Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон, анда Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.