Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкүл Чотонов, Асия Сасыкбаева баштаган "Ата Мекенди" түптөөчүлөр алдыдагы парламенттик шайлоого барбай, жаштарга жол бошото турганын жарыялашты. Бул тууралуу аталган партиянын катчылыгынан билдиришти.
Бүгүн, 17-августта Бишкек шаарында "Ата Мекен" социалисттик партиясынын кезектеги съезди өттү. Анда алдыдагы парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмеси аныкталып, платформасы талкууланды.
"Ата Мекен" партиясы бул ирет шайлоого жаштарды жиберип жатат. Аларды депутат Жанар Акаев баштап барат", - деди Текебаев.