Шайлоо-2020: "Демократ", "Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы" парламенттик шайлоого катышуудан баш тартышты

"Демократ", "Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы" парламенттик шайлоого катышуудан баш тартышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" дагы шайлоого аттануудан баш тарткан. Ага чейин парламенттик шайлоого катышуу үчүн 44 партиядан кабарлама түшкөн. Шайлоо быйыл күзүндө 4-октябрда өтөт.

Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1-2-бөлүктөрүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, тагыраагы 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
arawan
2020-08-17 22:23:25
Мага не баарына каршымын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан