"Ак Шумкар" менен "Бүтүн Кыргызстан" партиялары бирикти. Маалыматты SUPER.KG порталына "Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев тастыктады.
"Мен жетектеген "Ак Шумкар" партиясы Адахан Мадумаров түптөгөн "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын туусу алдында парламенттик шайлоого бирге аттанууну чечтик. Эң башкысы биздин принциптерибиз, алдыга койгон максаттарыбыз дал келди. Калган сөздү эртең "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын съездинде айтабыз", - дейт Сариев.
Буга чейин Темир Сариев шайлоого "Ата Мекен" партиясы менен биргеликте аттанарын билдирген. Ал эми 5-августта биригүү болбой калганы маалым болгон.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.