БШК: 28 мамлекетте 44 шайлоо участогу түзүлдү

28 мамлекетте 44 шайлоо участогу түзүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын 11и Орусияда, 3сү Германияда, экиден шайлоо участоктору Түркияда, Казакстанда, Кытайда жана БАЭде ачылды. Калган 22си өлкөдө бирден (Киев, Минск, Ташкент, Дүйшөмбү, Ашхабад, Баку, Вашингтон, Лондон, Женева, Токио, Брюссель, Вена, Сеул, Нью-Дели, Куала-Лумпур, Эр-Рияд, Кувейт, Доха, Тегеран, Исламабад, Рим жана Парижде) ачылды.

Биринчи жолу шайлоо участоктору Иркутскиде, Якутскта, Южно-Сахалинскте, Сургутта, Римде жана Парижде ачылды. 2017-жылы президенттик шайлоо учурунда 26 өлкөдө 37 шайлоо участоктору түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
karapayim
2020-08-19 02:36:29
Шайлоонор менен кире турган жеринерге киргиле... Элдин козу чачырап турганда, шайлоонорго орун жок болчу. Кудай озу корсотот силерге)))
+4
Bekish-
2020-08-19 03:42:54
Эмне шайлоо болот президент шайлообу же депутатбы
0
Kuban-1207
2020-08-19 07:18:40
Шайлоо шайтандын оюну
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан