"Ар намыс" партиясы шайлоого барбай турганын жар салды

Алдыда боло турчу парламенттик шайлоого "Ар Намыс" партиясы катышпайт. Мындай чечим партиянын саясий кеңешинде кабыл алынганын SUPER.KG порталына партия лидери Феликс Кулов билдирди.

"Биздин партия шайлоого аттанбай турган болду. Буга бир нече себеп бар. Алардын негизгилерин айтайын. Коомчулукта парламентти партиялык тизме аркылуу куруу принциби катуу сынга алынып келет. Андыктан биз праймериз жүргүзүүнү айтканбыз. (ред: праймериз - партия ичиндеги алдын ала шайлоо. Партия ичинде жүргүзүлгөн шайлоодон уткан кандитаттар, негизги шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн алышат). Мындай шартта шайлоочулар талапкерлер тууралуу алдын ала маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок. Ошондой эле парламентке мыкты, адискөй депутаттардын келүүсүнө шарт түзмөк. Тилекке каршы пандемия буга жол берген жок. Андыктан биз мурдагыдай эле акчасы көптөр жеңишке жеткен шайлоого катышуудан баш тарттык. Мындан тышкары "Ар Намыс" партиясы добуш берүүнү бир күндө эмес, бир нече күнгө бөлүп өткөрүүнү сунуштаганбыз. Анткени учурдагы эпидемиологиялык абалга жараша адамдар ортосунда аралык, коопсуздук эрежелери сакталышы керек эле. Бул сунушубуз дагы каралган жок. Негизи эле азыркы кырдаал үгүт иштерин тиешелүү деңгээлде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. "Ар Намыс" партиясы шайлоого катышпаса дагы партиянын программасын коомчулукка жарыялайбыз. Бирок кийинчерээк", - дейт Кулов.

Бул боюнча БШКдан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга бекитилген 44 партиянын ичинен 8 партия шайлоого катышуудан расмий түрдө баш тартканын, алардын ичинде "Ар Намыс" партиясы жок экенин билдиришти.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-08-19 12:21:55
Катышпай коймоктүгүл аралашпай эле койгонуңар
Жакшы эмнени кыйратыңар? Бирдемени кыйратып салгансып жазыпсыңарго!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан