"Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев партиядагы төрагалык милдетин жана партиялык мүчөлүгүн убактылуу токтотту. Маалыматты SUPER.KG порталына Темир Сариев тастыктады.
Буга себеп катары ал, шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен аттанып жатканын айтат.
"Биз буга чейин шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен биргеликте барабыз деп макулдашканбыз. Бирок "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын желеги астында аттанабыз. Анткени "Ак Шумкар" партиясы шайлоого катышуу боюнча БШКга кабарлама берген эмес. Мыйзам боюнча башка партиянын мүчөсү болуп туруп "Бүтүн Кыргызстандын" тизмесине кире албайм. Ага кириш үчүн ал партиянын мучөсү болушум керек же партиясыз болушум керек. Ошол себептен партиялык мүчөлүгүмдү убактылуу токтоттум, демек ал жакка төрага дагы боло албайм. "Ак Шумкар" партиясынын төрагалык милдетинин убактылуу аткаруучусу катары Раджап Баялиевди бекиттик", - дейт Сариев.
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген.