Шайлоо-2020: "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын съезди өтүп жатат

Бүгүн, 19-августта "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын съезди өтүп жатат. Бул аталган партиянын парламенттик шайлоого биринчи жолу катышуусу. Бирок ал буга чейин жергиликтүү кеңештерди шайлоого катышып жүргөн, тактап айтканда Ош жана Бишкек шаардык кеңештеринде өкүлдөрү бар.

Бүгүнкү съезддин жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин жана партиянын программасын бекитүү пландаштырылууда.

Съездге катышуу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарынан делегаттар келишкен. Иш-чара ачык асман алдында, бардык санитардык нормаларды сактоо менен өтүп жатат. Башкы максат партиянын программасын жана талапкерлердин тизмесин тандоо. Съезд коронавирус пандемиясы өмүрүн алып кеткен мекендештерди эскерүү менен башталды.

Партиянын төрагасы Мирлан Бакиров съезддин катышуучуларына жана делегаттарга кайрылып, таза жана ачык шайлоо өткөрүүгө чакырды. Ошондой эле партия лидери өлкөдө демократиялык жана жалпы адамдык принциптердин маанилүү экендигин белгилеп, партия мүчөлөрүн жана атаандаш партияларды ыплас аракеттерди калтырып, чыныгы программалык багыттардын күрөшүн өткөрүүгө үндөдү.

Белгилей кетсек 20-августка чейин шайлоого аттанган партиялар БШКга талапкерлердин тизмесин бериши керек. Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан