4-октябрдагы шайлоодо ар бир шайлоо участогунда көрүүсү начар шайлоочулар үчүн атайын чоңойтуп көрсөтүүчү лупалар болот. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясы маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, ШКУлар 2 миң 444 лупа алышат. Бул Френель линзасы менен жалпак лупалар ийкемдүү, соккуга туруштук бере алчу оптикалык пластиктен жасалып, алар үч эсе чоңойтуп көрсөтө алышат. Ошондой эле шайлоо 4 миң 888 участоктору көрүүсү начар шайлоочулар үчүн Брайль шрифти менен басылган бюллетендерди ошончо сандагы бюллетень үчүн трафареттерди да алышат.