Шайлоо-2020: Парламенттик шайлоого баруудан баш тарткан партиялардын тизмеси

2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга 44 партиянын тизмеси БШКга берилген. Бүгүнкү күнгө карата алардын ичинен 8 партия шайлоого барбай тургандыгы жөнүндө кабарлама беришкенин Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Алардын тизмеси:

  1. "Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясы" ,
  2. "Демократ",
  3. "Кыргызстандын коммунисттер партиясы,
  4. "Жаратман Эл",
  5. "Эмгек" (Партия труда),
  6. "Бирик", "Народно-демократическая партия Кыргызстана",
  7. "Бийлик элге" («Власть народу»)
  8. "Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы"

Мындан тышкары бүгүн, 19-августта "Ар Намыс" партиясы дагы шайлоого катышпай турганын, анын лидери Феликс Кулов билдирген.

Маалым болгондой, 8-июлда партиялардан кабарлама кабыл алуу токтотулган. Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, тагыраагы 2020-жылдын 20-августунда аяктайт. Ал эми 4-сентябрдан баштап үгүт иштери башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Genka
2020-08-20 11:42:17
Булардын отпосу ясно болчу,чачырап ар партияга тыгылып жатышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан