Шайлоо-2020: "Мекеним Кыргызстан" партиясы талапкерлердин тизмесин тактады. Анда жаштарга басым жасалды

"Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы съезддин жыйынтыгы менен программасын жана талапкерлердин тизмесин аныктады. Анда жаштарга басым жасалып, тизме түзүүдө көптөгөн жагдайлар эске алынып, жыйынтыгында партиянын өзөгү ар түрдүү улуттардан, аймактардан жана кесип ээлеринен турган талапкерлерден түзүлдү.

Белгилей кетчү жагдай, тизмеде жаш талапкерлер абдан көп. Партия лидери Мирлан Бакировдун айтымында, программанын негизги максаты өнүккөн базар экономикасы бар, социалдык багыттуу мамлекет куруу жана республиканын ар бир жаранынын жашоо шартын жакшыртуу.
"Биз, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү – бир максаттуубуз жана ошол эле учурда ар тараптуубуз. Биздин саясий чөйрөдө тажрыйбабыз бар. Мындан сырткары түрдүү тармактарда иштеп келгенбиз. Жашыбыз, жынысыбыз, улутубуз, ишенимибиз, туулган жерибиз ар башка болсо да, биз биргебиз. Биз Кыргыз өлкөсүн сүйгөн үчүн гана эмес, ушул ыйык мекенибизде жашоо үчүн баардык шарттарды түзүү үчүн бириктик", - деди Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
alym21
2020-08-19 15:07:16
Бек Борбиев,Урмат Усенов,Кенеш тобундагы Музурдун аялы да журобу суроттордо?
+7
arawan
2020-08-19 15:08:20
Мен эле калгам го уйдо жата берип бул партияга добуш бербегиле баары эски карт борулор чимкириктер
+14
arawan
2020-08-19 15:11:01
Кана ошо тизме чыгаргыла азыркы тизменер башка шайлоодон кийин такыр башка тизме чыга келет
+7
Imon7
2020-08-19 15:54:11
Сучари
+7
alishsapan
2020-08-19 15:59:28
Атаны кокуй аай десе корупциянын кууп чордону ушул партияда да Урмат менен Бек кошулбай эле койсо болмок экен
+12
Shake_shake
2020-08-19 16:16:27
Мирлан кантип уялбай журот? Коздорун ойноктотуп"-"
+5
Pepe93
2020-08-19 17:08:02
Жалан эле озунчо фифаларго
+2
adilbars
2020-08-19 17:55:09
Бажы деп эле партия түзбөгөн экен да
+6
bekov01
2020-08-19 18:18:21
Бизде жашоо жакпаса Памирге жашагыла деген Мирлан Бакировда. Биз дагы Памирге барып депутат бол десек кантет
+11
bond02
2020-08-19 18:34:07
Канча тонна лапша даярдап койду экен шайлоого.
+4
katerina.li
2020-08-19 20:38:47
Бек Борбиев кайдан жаш?? 50 дон ашып калды давно эле
+3
ika8086
2020-08-19 22:46:56
пайдасыздар
+4
Bak.taalai
2020-08-20 01:10:39
Усеновго эмне жок...
+2
Kona8631
2020-08-20 06:52:09
Матрдын или сокенин партиясы..усенде эмне жок
+3
Genka
2020-08-20 11:22:38
Шайлабагыла эсинер болсо ушул партияны,бийликтин экинчи партиясы бул,Биримдиктен кийинки жепжутар партия ушул!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан