Бүгүн, 19-августта "Республика" партиясынын курултайы өттү. Анда партиянын программасы жана партиянын атынан шайлоого бара турган талапкерлердин тизмеси бекитилди. Маалыматты SUPER.KG порталына партия мүчөсү Максат Сабиров билдирди.
Маалымат боюнча "Республика" партиясынын курултайына аймактардан 77 делегат келип катышты.
Маалым болгондой, бүгүнкү күнгө карата күзүндө өтө турчу парламенттик шайлоого 36 партия ат салышып жатат. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү 2020-жылдын 20-августунда аяктайт. Ал эми 4-сентябрдан баштап үгүт иштери башталат. Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген.
.