"Биримдик" партиясы бүгүн, 19-августта курултай өткөрдү. Анда программа сунушталып, делегаттардын добуш берүүсү менен талапкерлердин тизмеси түзүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына саясий партиянын басма сөз өкүлү билдирди.
"Жакында партиянын программасы жана анын идеологиялык платформасы менен таанышууга болот.
Конгресс бардык санитардык талаптарга ылайык, биринчи кезекте социалдык аралыкты сактоо менен өттү", - деп билдирди өкүл.