Шайлоо-2020: Шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты

Шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн !ММКнын кызмат көрсөтүүлөрү" деген аталыштагы мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта аталган мобилдик тиркемеде жаңы функция ишке киргени айтылат.

"Бул функциянын жардамы менен жарандар өздөрүнүн шайлоо участокторунун номурларын жана дарегин тактай алат. Тиркеме андроид платформасындагы смартфондордун колдонуучуларына жеткиликтүү. Ал үчүн Play Market тен "ММКнын кызмат көрсөтүүлөрү" тиркемесин көчүрүп алып, УШКнын дарегин текшерүү деген бөлүмүнө кирүү жетиштүү болот", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары жарандар өздөрүн шайлоочулар тизмесинен "Тизме" порталына www.tizme.gov.kg шилтемеси аркылуу кирүү менен же ММКнын колл-борборуна "119" номуру боюнча чалып билсе болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан