Оренбург облусунда бул жолу да Кыргыз мигранттарына байланыштуу көйгөй жаралууда. Алар Оренбургда жаш балдары менен ачык талаада жашап жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман билдирди. Анын айтымында, билет сатып алганына карабай, мекенине кайтып кете албай жатышат жана каттамдар уламдан улам кийинкиге жылдырылууда.
Алар буга чейин бийликке кайрылуу дагы жасаган, ага карабай реакция болгон эмес.
"Биздин арабызда кары-картаң, кош бойлуу келиндер жана жаш балдар бар. Ага карабай, биз чатырларда жашап жатабыз. Бул жакка жыргаганыбыздан келген эмеспиз, элди баккан адамдар минтип талаада калса, эч кимден реакция болбой жатат. Биз силерден акча сураган жокпуз, коридор эле ачып берип койсоңор болот. Жашаган жерлерибиз сыз, суу, баарына суук өтүп бүттү. Бир аптадан бери талаада жатабыз. Шайлоого бара жаткан партиялар, маселебизди чечип берип койгула. Эртең эле бизге "шайлаңыздар" деп келесиңер, эл кыйналды", - деп билдирген Кыргы жараны.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.