Бүгүн саясий партиялар курултайларын ѳткѳрүшүп, тизмелерин бекитип жатат. Бул жылы курултайлар башка жылдарга караганда ѳзгѳчѳлѳнүп ѳтүүдѳ. Бири паркта ѳтүп жатса, бири тоодо салкын абада, дагы бири ѳтѳ кымбат "Шератон" мейманканасынын залында ѳтүп, элди таң калтырышууда.
Бүгүн "Биримдик" партиясы да ѳзүнүн курултайын ѳткѳрдү. Курултайынын ѳтүшү бардык башка партиялардыкынан ѳзгѳчѳлѳндү. Партия Zoomду колдонуу менен онлайн режиминде өткөрүп, партия мүчөлөрү курултайга, талкууларга жана добуш берүү процессине Zoom платформасы аркылуу катышты. Муну менен "Биримдик" партиясы бүгүнкү Кыргыз өлкөсүндө жүрүп жаткан жаңылануу процесстерин колдой тургандыгын билдирди.
Курултайда саясий партиянын программасы жана идеологиясы талкууга алынып, башкалардан демократиялык-социализм жана евроазиячыл идеологиялык багыты менен ѳзгѳчѳлѳнүп турары айтылды. Курултайда партиялык тизмени жаш саясатчы "Альфа Телеком" ЖАКтын (MegaCom соода маркасы) башкы директору Акылбек Жамангулов баштап барары белгилүү болду. Партиянын катарында элдин элегинен ѳткѳн, таанымал саясатчылар Тѳрѳбай Зулпукаров, Марат Аманкулов, Евгения Строкова, Аида Касымалиева, Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министри Улукбек Кочкоров, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Галина Кетова жана башкалар бар экен. Партиянын тизмеси ѳлкѳбүздүн бардык тармагындагы жана бизнес чѳйрѳсүндѳгү жаш кадрлар менен толукталганы байкалып турат.