Шайлоо-2020: Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине шайлоону өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тренинг өттү

Ош шаарынын укук коргоо кызматкерлеринин жетекчи курамы үчүн онлайн тренинг өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тренингдин темасы шайлоо мыйзамдары бузулганда ага реакция жасоо жана шайлоону өткөрүү убагында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга арналды.

Тренингдин катышуучуларына Жогорку Кенешке шайлоо процессиндеги жана шайлоо мыйзамдарындагы өзгөчөлүктөр тууралуу айтып беришти.

Эксперт Канышай Мамытова "Шайлоо процессинин бузулушу боюнча конституциялык-укуктук жоопкерчилик" презентациясы менен чыгып сүйлөдү.

БШК мүчөсү Гульнар Журабаева арыздарды шайлоо комиссияларынын жана бузулуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялардын кароо тартиптери тууралуу айтып берди.

Бегалы Пирманов шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кылмыш-укуктук багыттагы жоопкерчилик тууралуу билдирүү жасады. .

Тренингде шайлоолордун башкы максаты – чектөөлөрдү коюу эмес, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн шарт түзүү экендиги белгиленди.

Ошондой эле онлайн тренингде административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалангандыгы жана шайлоочулардын добушун сатып алгандыгы үчүн, мындан тышкары шайлоо мыйзамдарын бузууларды камтыган ар кандай түрлөрдөгү кейстерди жана юридикалык жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуунун тартиби боюнча иш жүзүндөгү тапшырмалар камтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан