Бүгүн, 19-августта Бишкек шаарында "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын 13-кезексиз курултайы болуп өттү. Анда төрт маселе каралды.
- Партиянын саясий кеңешинин жаңы курамын бекитүү;
- Партиянын жаңыланган программасын кабыл алуу;
- "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин бекитүү;
- Партиянын шайлоо программасын бекитүү.
Курултайда каралган бардык маселелер боюнча чечим кабыл алынды. 120 талапкердин тизмеси бекитилди.