"Общее дело" коомдук фондунун серепчилери Кыргыз өлкөсүнүн жарандары шайлоодо кайсы партияны тандай турганын билиш үчүн социологиялык сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоого катышкан респонденттердин 82 пайызы кимге добуш берерин билишпей турганын айтышкан. Бул тууралуу маалымат фонддун расмий сайтына жарыяланды.
Ошол эле учурда 75,6 пайыз жаран шайлоого келип катыша турганын айтышкан. Сурамжылоого ылайык, күтүлүп жаткан жыйынтык катары алар коррупцияны жоюу, өнөр жай тармагын калыбына келтирүү, мамлекеттүүлүктү, чек араларды бекемдөө, сот органдарынын ишинин ачык-айкындуулугу жана коронавирустун экономикалык кесепеттерин жеңүү болуп саналарын айтышкан.
Шайлоого үгүт иштери 4-сентябрда башталат. 20-августка чейин саясий уюмдар курултай өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүшү керек.
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Шайлоо 4-октябрда өтөт.