Шайлоо-2020: "Быйылкы шайлоодо деле компроматтардын согушу жүрүп, басым социалдык тармактарга жасалат" дейт саясий серепчи

Күзүндө Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка 4-июлда кол койгону маалымдалган. Ага ылайык, шайлоо 4-октябрга белгиленген. Кызыгы мындан беш жыл мурунку парламенттик шайлоо дагы 4-октябрда болгон экен. Быйылкы шайлоо пандемия шартында өтүп жаткандыктан, ал мурдагы болуп өткөн шайлоодон айырмаланабы, өзгөчө кырдаал үчүн кандай жаңы эрежелер колдонулат же баары мурдагыдай эле өтөбү. SUPER.KG порталы быйылкы шайлоонун жүрүшүнө саресеп салып көрдү.

Маалымат катары айта кетсек, 2015-жылы шайлоого катышуу ниетин 34 саясий партия билдирсе, быйыл 44 партиядан кабарлама келген. Ошондой эле беш жыл мурунку шайлоодо дагы үгүт иштери 4-сентябрда башталары жарыяланган.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай пандемия шартында партиялар үгүт иштерин жүргүзүү үчүн стадиондордо өтүүчү шан-шөкөттүү иш-чаралардан баш тартууга мажбур болгондуктан негизги күрөш социалдык тармактар менен ЖМКларда өтөрүн айтат. Ошондой эле ал быйылкы шайлоо мурдагылардан өтө деле өзгөчөлөнбөйт деген пикирде.

"25-июнда өлкө башчы жалган, такталбаган маалыматтарды таратуу, административдик ресурсту пайдалануу, талапкерлердин добушту сатып алуусу жана ошол эле учурда шайлоочулардын өз добуштарын сатуу фактылары боюнча жазык жоопкерчилигин катаалдаткан бир катар нормаларга кол койгон. Ага карабай ири партиялар добуш топтоодо эски схемаларды эле колдонот. Алсак, талапкерлердин тизмесин түзүүдөгү партия ичиндеги коррупция, добуштарды сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, шайлоочуларды шайлоо участокторуна массалык алып келүү боюнча махинациялар, шайлоочуларды жана партия мүчөлөрүн кримавторитеттер менен коркутуу. Дайым айтылып келгендей калктын арасындагы абсентеизм боюнча дагы (ред: шайлоого катышуудан чогулушка баруудан качуу) бир топ маселе бар. Буга себеп катары жарандардын канча бир бөлүгүндө биометрикалык паспорттун жоктугу, миграция, жана калктын талапкерлерге болгон ишениминин жоктугун айтсак болот. Кыскасы, үгүт иштеринде колдонуучу шайлоо технологиялары мурунку шайлоолордон айырмаланбайт. Компроматтардын согушу болот. Анын ордуна мамлекеттин өнүгүшү үчүн салым кошо турган жаңы идеялардын согушу жүрсө жакшы болмок", - дейт Алмаз Тажыбай.

Буга чейин SUPER.KG порталы "Шайлоого аттанып жаткан Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулабы же жокпу" деген суроону БШК мүчөсү Гүлнара Журабевага узаткан. Анын жообун шилтеме аркылуу кирип окусаңыз болот.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан