"Социал-демократтар" саясий партиясы 19-августта курултай өткөрүп, шайлоо алдындагы программасын талкуулады. Курултайда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси дагы түзүлдү. Партияны мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев жетектейт.
Партия азырынча тизмедеги баштапкы талапкерлери тууралуу гана маалымдоодо:
Сейитбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков. Кылычбек Султан, Ирина Карамушкина, Нурбек Касымбеков.
Cейитбек Атамбаев ушул жылдын июнь айында "Социал-демократтар" саясий партиясынын курултайында партиянын лидери болуп шайланган.
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Саясий партиялар 20-августтан кечиктирбей съезд өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүшү керек болчу. 24-август кечке чейин партиялар талапкерлердин тизмеси боюнча документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышат.