Шайлоо-2020: 44-10. "Таза коом" менен "Ар Намыс" партиялары дагы парламенттик шайлоого баруудан расмий түрдө баш тартты

Күзүндө өтө турчу шайлоого баруудан "Таза коом", "Ар Намыс" партиялары расмий түрдө баш тартканын БШКдан билдиришти. Ошону менен мурда белгиленген 44 партиянын ичинен жалпысынан 10 партия жарыштан чыкты.

Парламенттик шайлоого баруудан баш тарткан партиялардын тизмеси:

1. "Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы”,

2. "Демократ",

3. "Кыргызстан коммунисттер партиясы",

4. "Эмгек" (Партия труда),

5. "Бирик" ("Мекеним Кыргызстан" саясый партиясы менен бириккендигине байланыштуу),

6. "Таза коом" ("Кыргызстан" саясый партиясы менен бириккендигине байланыштуу),

7. "Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы",

8. "Ар-Намыс",

9. "Бийлик элге" ("Власть народу"),

10. Кыргызстан элинин биримдиги ("Ыйман нуру" саясый партиясы менен бириккендигине байланыштуу).

Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык, "Жаратман эл" саясый партиясынын көрсөтүлгөн убакытта шайлоо фондунун эсеби ачылган эмес. (бул жагдай саясый партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартууга негиз берет).

11-августтан 18-августка чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого талапкерлердин тизмесин көрсөтүү боюнча "Мекенчил", "Ата Мекен", "Кыргызстандын Жашылдар" партиясы, "Бир бол" мамлекеттик биримдиктин жана патриотизмдин партиясы, "Чоң Казат", "Адам-Демократ", "Актив", "Ордо" саясый партияларынын курултайлары болуп өттү.

19-августта дагы 11 партиянын курултайлары болду.

1. "Мекеним Кыргызстан"

2. "Республика"

3. "Биримдик" демократиялык партиясы ("Единство")

4. "Ыйман нуру"

5. "Нур" либералдык-демократиялык партиясы

6. " Мекен ынтымагы"

7. "Кыргызстан"

8. "Социал-демократтар"

9. "Бүтүн Кыргызстан"

10. "Замандаш"

11. "Реформа".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
alishsapan
2020-08-20 20:46:26
Бүтүн Кыргызстан партиясы шайлоодон утуп алдыңкы орунда болот Аллахым насип кылсын оомийин
+6
muku.85
2020-08-20 20:48:36
alishsapan,буюрса жок дегенде учунчудо келсин
+4
talaa11
2020-08-20 21:11:10
Жаштардын келечегин ойлосонор эгер Кыргызстан бизге керек десенер анда БУТУН КЫРГЫЗСТАНГА добушунарды бергиле
+5
komn47
2020-08-21 01:52:53
Боло турганы эле бутун Кыргызстан,реальный озгоруу апкелет биздин жашоого туздон туз. калганы жетеленме ээрчиме вариант менен иш кылатургандар
+3
PROS
2020-08-21 13:25:00
СДПК жок болдубу ошондо?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан