Шайлоо-2020: Тизме түзүлүп, программа бекитилди. "Кыргызстан" партиясынын съездине кимдер келди?

Кечээ, 19-августта Бишкек шаарындагы "Аю-Гранд-Конфорт" соода жайында "Кыргызстан" саясий партиясы кезексиз VII съезддин өткөрдү. Бул тууралуу аталган партиядан маалымдалды.

Ага ылайык, партиянын жыйыны салтанаттуу түрдө ачылып, алгач Кыргыз Республикасынын Гимни жандуу үн менен оркестрдин коштоосунда жаңырып, партиянын туусу көккө көтөрүлдү.

Съезддин ишине парламенттин депутаттары, партиянын жана саясий кеңештин активдүү мүчөлөрү, бүткүл аймактардан келген делегаттар, жаштар канатынын активисттери катышты.

Партия лидери Канатбек Исаев саясий бирикменин аткарган иштери жана жетишкендиктерин айтып, андан аркы сөзүндө алдындагы саясий бирикменин шайлоого карата даярдыктарына токтолду.

"Партиянын түптөлгөнүнө 10 жыл болду. Бирок биз беш жыл мурун саясий күрөшкө аттанып, 2015-жылкы шайлоодо 3-орунду камсыздадык. Ушул жеңиштин арты менен Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, вице-премьер министр Алмазбек Батырбеков сыяктуу мамлекеттик бийликтин эң чоң бутагын аркалап жаткандар биздин партиядан барышты.

Алтынчы чакырылышта "Кыргызстан" фракциясы өзүнүн туруктуулугун көрсөтө алды. Биздин фракцияда 18 депутат болсо анын 14ү парламенттик шайлоого аттанып жатат", - деди Исаев.

Жыйындын жүрүшүндө Канатбек Исаев партиянын акыркы беш жыл ичинде аткарган иштери, шайлоочуларга берген убадалардын аткарылышы боюнча да маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө парламенттик шайлоого аттанып жаткан талапкерлердин тизмеси жашыруун добуш берүүнүн негизинде аныкталды. Шайлоого партияны Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" партиясынын лидери Канат Исаев баштап барат.

"Съезддин соңунда Кыргыз Республикасынын Гимни жана партиянын Гимни жаңырды. Андан кийин шайлоого аттанган партиянын бычакка сап уул-кыздары бир айлампага бириктирилген боз үйдүн ууктарындай тизилип, "Кыргызстан" саясий партиясынын туруктуулугун, биримдигин даңазалашып, 120 ууктан турган боз үй тигишти. Алар бул жөрөлгө менен кыргыз элинин көп улуттуу экендигин даңазалап, элдин колдоосу менен алдыдагы шайлоодо көп мандатты камсыз кылууну тилек кылышты", - деп айтылат маалыматта.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Sema12
2020-08-20 19:57:57
Сыймыгынар Дастан Жумабеков болсо калганынар белгилуу экенсинер
+13
umarbey
2020-08-20 22:16:55
5 jil murdagi ubada kana? Suyunchu pul 50000 som dep uyalbay ayttinar ele?
+5
Agayu
2020-08-20 23:28:57
Праваңарды качайтате бергиле Макалёлор.
+6
Aimani
2020-08-21 00:57:47
Көп мандатты айтышат го. Бир да мандат тийбей калса экен. Оомийин!
+6
Aimani
2020-08-21 00:58:50
Акчага ишенип атышкандай. Болбосо бир тыйынга татыган баркы жок бирөөнүн дагы.
+3
nurda00
2020-08-21 07:14:50
Озум дегенде огуздой куч бар болуптурго бул жагы. Кече элдер ооруп, олуп атканда каякта эленер? Суйлосонор 2 мешок созунор бар, колунардан бок келбейт акмактар...
+7
MAKALAK
2020-08-21 11:18:47
Жалганчылар убаданарды аткарбай дагы чыктынарбы суйунчу 50мин сом 60завод кана.
+5
Leon441
2020-08-21 15:26:31
Убада берген завод фабрикаларды кайсыл мамлакатка курдуңар ошодон сүйлөгүлө ат чабарлар
+1
Shakek
2020-08-21 16:44:39
Уялбай дагы депутат болобуз дейби бул жалганчылар бет деген жок экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан