Шайлоо-2020: Дагы 3 партия парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

Дагы 3 партия парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ак Калпак", "Кут", "Улуу Журт" партиялары шайлоого аттануудан баш тартышты.

Буга чейин парламенттик шайлоого баруудан баш тарткан партиялардын тизмеси:

1. "Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы”,

2. "Демократ",

3. "Кыргызстан коммунисттер партиясы",

4. "Эмгек" (Партия труда),

5. "Бирик" ("Мекеним Кыргызстан" саясый партиясы менен бириккендигине байланыштуу),

6. "Таза коом" ("Кыргызстан" саясый партиясы менен бириккендигине байланыштуу),

7. "Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы",

8. "Ар-Намыс",

9. "Бийлик элге" ("Власть народу"),

10. Кыргызстан элинин биримдиги ("Ыйман нуру" саясый партиясы менен бириккендигине байланыштуу).

Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык, "Жаратман эл" саясый партиясынын көрсөтүлгөн убакытта шайлоо фондунун эсеби ачылган эмес. (бул жагдай саясый партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартууга негиз берет).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazarnew
2020-08-21 15:59:29
Ушул керексиз партиялардын баарын кошуп жок кылып салгылачы, эл итак силерсиз жашап кеткенге көзү жетет.
+8
Genka
2020-08-21 17:07:53
Эптемей партиялар келечеги жок!
+5
alishsapan
2020-08-21 18:37:06
Шайлоо кенен жайлоо болуп кетти го биздин Кыргызстан мамлекетте
+2
Gena1
2020-08-22 03:18:28
Аттарын окусаң көңүлүң айланат. Ар бири аталышына "эл" деген сөздү кошуп кеткен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан