Бүгүн, 22-августта "Мекеним Кыргызстан" партиясы Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына партиянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, алдыңкы жыйырма талапкердин тизмеси төмөндөгүдөй:
Мирлан Бакиров
Улан Садалиев
Ибрагим Жунусов
Татьяна Кузнецова
Бакытбек Дюшембиев
Улан Сырдыбаев
Марлен Маматалиев
Элнура Алканова
Жыргалбек Турускулов
Искендер Матраимов
Таабалды Тиллаев
Гүлкан Молдобекова
Канат Аманкулов
Ахматбек Келдибеков
Азиз Канатбек
Бактыгүл Молдогазиева
Данир Иманалиев
Эрлист Акунбеков
Кылычбек Исамамбетов
Гулмира Шакирова
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. Ал эми 4-сентябрдан баштап үгүт иштери башталат. Шайлоого 34 саясий партия аттанып жатат.