Саясатчы Темир Сариев парламенттик шайлоого барбай турганын жар салды. Маалыматты SUPER.KG порталына Темир Сариев тастыктады.
Өз билдирүүсүн ал социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео кайрылуу жасаган. Анда ал мындай чечимди кабыл алуу оңой болбогонун айтат.
"Менин "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен бирге шайлоого барарым аягына чыкпай калды. Мен шайлоого барбайм. Бул абдан өкүнүчтүү, аянычтуу. Бул чечим мага оңой келген жок. Эч кимди күнөөлөбөйм. Партиялаштарымдан кечирим сурайм!", - деген Сариев.
Эске салсак, буга чейин Темир Сариев күзүндө өтө турган шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын туусу астында барарын айткан.
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Бүгүн, 24-августта БШК саат 18:00дө партиялардан каттоо тууралуу документтерди кабыл алуусун токтотот.